SerepTV Logo

Футболчу Жоэл Кожо: "Плей-оффко чыгып күйөрмандарыбыздын кыялын орундата алган жокпуз"

Футболчу Жоэл Кожо: "Плей-оффко чыгып күйөрмандарыбыздын кыялын орундата алган жокпуз"
Кечээ, 25-январда Кыргызстандын “Ак шумкарлары” менен Омандын курамасынын беттеши өттү. Эки команда тең чыгып, Азия Кубогунан четтеп калды. Кыргызстан эсеп сандарды 1:1 кылып теңөө менен Индонезиянын командасын кийинки баскычка өткөрдү. Кыргыздын курамасынын пайдасына гол жараткан Жоэл Кожо оюндан кийин комментарий берди.

"Биз плей-оффко чыгып, күйөрмандарыбыздын кыялын орундаткыбыз келген, бирок аны жасай албадык. Машыктыруучу айткандай, биз бул беттештин алдында кээ бир оюнчуларды жоготуп алдык. Оюнга болгон старттык курам эң оптималдуу болду. Машыктыруучуга, машыктыруучулук штабга жана бардык күйөрмандарга терең ыраазычылык билдиргим келет. Кыргызстандын улуттук курама командасы үчүн ойноо мен үчүн чоң сыймык жана мен кураманын бир бөлүгү болгонума кубанычтамын. Биз күчтүү болуп оюн талаасына кайтып келебиз", - деди ал.

Жоэл Кожо беттештин мыкты оюнчусу деп табылды.

edita