SerepTV Logo

Футболчу Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубунан кетти

Футболчу Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубунан кетти
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов «Кайраттан» кеткенин Алматынын клубу билдирди. Алыкулов «Кайратка» 2020-жылдын башында өткөн. Алматынын курамында Казакстандын чемпиону жана өлкө кубогунун ээси болуп, УЕФАнын конференция лигасынын тайпалык баскычына чыккан. Футболчу «Кайраттын» формасы менен 99 оюн өткөрүп, 13 гол киргизген.
edita