SerepTV Logo

Футбол: Кыргызстан Оман менен тең чыгып, Азия Кубогунан четтеп калды

Футбол: Кыргызстан Оман менен тең чыгып, Азия Кубогунан четтеп калды
Бүгүн, 25-январда Кыргызстандын “Ак шумкарлары” менен Омандын курамасынын беттеши өттү. 1-таймдын 8-мүнөтүндө Омандын курамасы стандарттык абалдан пайдаланып, гол жаратты. 1-таймга калыстар 7 мүнөт кошуп беришти, бирок бул убакытта да эсеп сандар өзгөргөн жок. Оюндун биринчи бөлүгү 0:1 эсебинде Омандын алдыга чыгуусу менен аяктады. Ал эми 2-таймда Жоэл Кожо Кыргызстандын курамасына 1-голду жаратты. Ошентип эки кураманын эсеп сандары 1:1 болуп теңелди. 2-бөлүк аяктаган соң, кошумча 7 мүнөт кошуп берилди.  Бирок Кыргызстандын курамасы бул убакытта суурулуп чыга албай, Азия Кубогунан четтеп калды.
edita