Футбол жылдызы Хавьер Савиола Кыргызстанга келди
29-августта Кыргызстанга "Барселона" командасынын чабуулчусу Хавьер Савиола келди.
30-августта Бишкектеги стадиондо “Барселона” клубунун легендалары менен Борбор Азиянын футбол ардагерлеринин беттеши өтөт. Беттешке Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Эдгар Дэвидс, Ривалдо, Хидетоши Наката, Андрей Канчельскис жана башка футбол жылдыздары катышат.