SerepTV Logo

Футбол: Бүгүн Кыргызстандын курамасы Түндүк Корея менен беттешет

Футбол: Бүгүн Кыргызстандын курамасы Түндүк Корея менен беттешет
Бүгүн, 5-июнь күнү Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында конокто Түндүк Корея курама командасы менен беттешет. Беттеш Эр-Рияд шаарынын «Файсал Бин Фахд» атындагы стадионунда 6-июнга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 00:15де старт алат. Бүгүнкү беттешке күбө болуу үчүн "Ак шумкар" командасынын күйөрмандарына фан-зона уюштурулат. Күйөрмандарды бириктирген футбол майрамы "Ала-Тоо" аянтында өтүп, футбол, музыка жана элдик шаң бириккен LEGEND FAN FEST майрамы белгиленет. Анда кыргыз эстрадасынын алдыңкы артисттери: Омар, Freeman 996, Бек Борбиев, DJ Айгерим Назар, Bakr, Бегиш, Баястан, DJ Little Padre, Tamga, Allega жана Easy Leggo сахнага чыгышат. Ошондой эле, күйөрмандарды спорттук жана интерактивдүү оюндар күтөт. ?Өткөрүлүүчү жер: Бишкек шаары, "Ала-Тоо" аянты ?Фан-зонанын башталышы: саат 19:00 ?Оюндун башталышы: түнкү саат 00:15 (6-июнга караган түн) ? Кирүү акысыз
edita