SerepTV Logo

Футбол боюнча Кыргызстандын кыздар курамасы эл аралык турнирде 3-орунду алды

Футбол боюнча Кыргызстандын кыздар курамасы эл аралык турнирде 3-орунду алды
CAFA U-18 Women’s Championship мелдешиндеги оюндары аяктап, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын кыздар курамасы 3-орунду алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан маалымдашты.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча курамалар төмөндөгүдөй орундарга жана упайларга ээ болушту:
?1-орун - Иран (9 упай);
?2-орун - Өзбекстан (4 упай);
?3-орун - Кыргызстан (4 упай);
?4-орун - Тажикстан (0 упай).
Өзбекстан курамасы голдордун айырмачылыгы боюнча Кыргызстан курамасын озуп өттү. Турнирдин «Fair play» сыйлыгы Кыргызстан курамасына тапшырылды. Андан сырткары мелдештин акыркы Тажикстан - Иран оюнунда калыстык кылган - Малика Кадырова менен Керемет Исмаилова атайын сыйлыктарга ээ болушту.
edita