Футбол боюнча кураманын оюнчусу Бекжан Сагынбаев ата статусуна ээ болду
Футбол боюнча улуттук курама команданын жарым коргоочусу Бекжан Сагынбаев балалуу болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
"Жаш ата-эне Бекжан менен Аиданы чын жүрөктөн куттуктап, ымыркайга бекем ден-соолук жана узун өмүр тилейбиз", - дешти.
Бекжан Сагынбаев былтыр үйлөнгөн.