Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта плей-офф баскычына чыккандардын баары аныкталды
Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта плей-офф баскычына чыккандардын баары аныкталды.
1/8 финалда мындай тартипте оюн уланат: Нидерланддар - АКШ, Аргентина - Австралия, Франция - Польша, Англия - Сенегал, Япония - Хорватия, Бразилия - Түштүк Корея, Марокко - Испания, Португалия - Швейцария. Бул беттештер 3-6-декабрь күндөрү өтөт. Дүйнөлүк чемпионат 18-декабрда жыйынтыкталат.
Плей-оффко учурдагы дүйнөлүк чемпионаттын коло байгесин алган бельгиялыктар, дүйнөлүк чемпионаттын төрт жолку жеңүүчүсү болгон германиялыктар, 2002-жылдан бери биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын эки жолку жеңүүчүсү болгон уругвайлыктар чыга алышкан жок.
Дүйнөлүк чемпионаттын тарыхында биринчи жолу плей-оффко Япония, Түштүк Корея, 2006-жылдан бери алгачкы жолу Австралия чыга алды.