Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу. Бүгүн Аргентина менен Франция финалда беттешет
Бүгүн, 18-декабрда Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпиондуктун финалдык беттеши өтөт.
Аргентина менен Франциянын курама командаларынын беттеши "Лусаил Иконик" стадионунда саат 21:00дө башталат. Беттешке польшалык Шимон Марчиняк калыстык кылат.