SerepTV Logo

Футбол: "Абдыш-Ата" Түркмөнстандын "Алтын-Асыр" командасын жеңди

Футбол: "Абдыш-Ата" Түркмөнстандын "Алтын-Асыр" командасын жеңди

Кечээ, 30-ноябрда АФК Кубогунун тайпалык этабынын 5-турунун алкагында “Е” тайпасында (Борбордук зона) ата мекендик “Абдыш-Ата” клубу конокто түркмөнстандык “Алтын-Асыр” менен беттешти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. 

Жолугушуу 4:2 эсебинде "Абдыш-Атанын" ири жеңиши менен аяктады.

Тайпалык баскычтын финалдык турунун алкагында "Абдыш-Ата" командасы 14-декабрда Өмүрзаков атындагы стадиондо Мерв (Түркмөнстан) командасы менен беттешет.