SerepTV Logo

Кыргыз футболчулар 3:1 эсебинде Кувейтти жеңди

Кыргыз футболчулар 3:1 эсебинде Кувейтти жеңди
Кечээ, 11-сентябрда Дубай шаарындагы "Севенс" стадионунда Кыргыз футбол курама командасы менен Кувейт курама командасынын ортосунда жолдоштук беттеш өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. Оюндун 11-мүнөтүндө атаандаштар беттештин эсебин ачууга жетишкен. Биринчи таймдын аягында Гүлжигит Алыкулов топту атаандашынын дарбазасына киргизип эсепти теңдеген. Биринчи тайм 1:1 эсеби менен аяктады. Экинчи таймдын 70-мүнөтүндө Кожо Жоэль гол киргизип, бул команданын чабуулчусунун дебюту болду. Ошондой эле Жоэл 88-мүнөттө атаандаштарынын дарбазасына топту дагы киргизип, бул беттешке чекит койду. Жыйынтыгында 3:1 эсеби менен кыргыз футболчулар жеңишке жетишти. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="201206,201203,201202,201207,201204,201208"]    
Unknown Author