SerepTV Logo

Футбол: 1-тайм Бириккен Араб Эмираттарынын курамасынын алдыга чыгуусу менен аяктады

Футбол: 1-тайм Бириккен Араб Эмираттарынын курамасынын алдыга чыгуусу менен аяктады
Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын курамасынын беттеши өтүп жатат. Оюндун 1-бөлүгүнүн 29-мүнөтүндө Бириккен Араб Эмираттарынын оюнчусу Хариб Абдалла эсеп санды ачты. 34-мүнөттө Кыргыз курамасынын оюнчусу Бекназ Алмазбеков калыс тарабынан сары кагазын алды. 44-мүнөттө пенальти орун алды, бирок "Ак шумкарлар" эсеп санын теңей алышкан жок. Калыстар 1-таймга кошумча 3 мүнөт кошуп беришти. Бирок кошумча убакытта да эки команда тең гол киргизе алышкан жок. Ошентип, оюндун 1-бөлүгү Бириккен Араб Эмираттарынын курамасынын алдыга чыгуусу менен аяктады.
edita