Франциянын президенти кураманын финалга чыгышын футболчулар менен майрамдады (видео)
Франциянын президенти Эммануэль Макрон футболчулар менен кураманын Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкканын чогуу майрамдады.
"Аль-Байт" стадионунда өткөн беттеш 2-0 эсебинде Франциянын пайдасына аяктап, Макрон отурган жеринен түшүп, чечинүүчү бөлмөдө кубанган мекендештерге кошулду.
Француз футболчулары экинчи жолу катары менен Дүйнө чемпиондугунун финалына чыгышты.
https://youtu.be/GQGk3xjO2vA