FIFA'нын президенти Кыргызстанга биринчи жолу келди
ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга биринчи жолу келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
«Манас» эл аралык аэропорту да маалымат таратып, 4-майда эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантинону салтанаттуу түрдө тосуп алышканын билдиришти. Аны Кыргыз футбол союзунун башчысы Медербек Сыдыков тосуп алган.
"Кыргызстанга болгон биринчи сапарында Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугушат. Коргоо министрлигинин башчысы менен президент Садыр Жапаровдун биргелешкен катышуусу Кыргыз футболдук Союзунун жаңы Административдик кеңсесинин ачылышына пландаштырылган", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="178410,178411"]