SerepTV Logo

Эркин күрөш боюнча курама команда Түркиядагы эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

Эркин күрөш боюнча курама команда Түркиядагы эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтүп жаткан Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan аталышындагы эл аралык мелдеште 2 алтын, 3 коло медаль утту.
Бекзат Алмаз уулу (57 килограмм) жана Улукбек Жолдошбеков (65 килограмм) өз салмактарында 1-орунду ээлеп алтын медаль утса, Бекболот Мырназар уулу (57 килограмм), Алмаз Сманбеков (57 килограмм) жана Орозобек Токтомамбетов (70 килограмм) 3-орунду ээлеп коло байгенин ээси болушту.
info