Эмил Молдодосов оор атлетика боюнча Азия чемпиондукта күмүш медаль жеңди
Кыргызстандык спортчу Эмил Молдодосов Кореяда өтүп жаткан оор атлетика боюнча чемпиондукта күмүш медаль жеңди.
Ал 10-майда 89 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынады. Бул салмак категорияда жалпы 16 спортчу болгон.
5-13-май күндөрү Корея Республикасында оор атлетика боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Чемпиондукка 40 өлкөдөн 260 ашуун спортчу катышууда. Азия чемпиондугуна Кыргызстандын атынан төрт спортчу катышууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="179698,179699,179700,179701"]