SerepTV Logo

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Олимпиада оюндарына лицензия алды

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Олимпиада оюндарына лицензия алды
Спортчу эл аралык федерациянын эрежеси боюнча мекендештеринин ичинен эң жогорку рейтингге ээ болуп, Олимпиада оюндарында катыша турган экинчи дзюдочу болмокчу.
Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров ушул күндөрү Абу-Дабиде (БАЭ) өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда коло байге утуп, быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алган.
info