SerepTV Logo

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан экинчи орунга чыкты

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан экинчи орунга чыкты
9-сентябрда Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук курама команда 3 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль жеңди.
Алтын медаль ээлери:
  • Бекболот Токтогонов
  • Уланбек Турганбаев
  • Эльза Абдыкадырова
Күмүш медаль ээлери:
  • Жекшенбек Турдубеков (эр эңиш, 60 кг);
  • Райкан Бактыгул уулу (эр эңиш, 70 кг);
  • Бекмурза Токтошев (таяк тартыш, 70 кг);
  • Элдос Айтбаев (таяк тартыш, 80 кг);
  • Кемал Оболбеков ( казак күрөшү, 55 кг);
  • Луиза Асакеева (казак күрөшү, 48 кг);
  • Асел Садырова (салттуу жаа атуу);
Коло медаль ээлери:
  • Калыбек Бусурманкул уулу (эр эңиш, 80 кг);
  • Байбол Саламат уулу ( казак күрөшү, 66 кг);
  • Искак Токонов (салттуу жаа атуу);
  • Ажар Исаева (кураш, 70 кг).
Мындан тышкары, спортчулар көк бөрү оюну боюнча Өзбекстандын командасын 12:6, көк пар (жер улак) боюнча Монголиянын командасын 16:0 ири эсебинде артта калтырышты. Чүкө оюну боюнча курама команда жарым финалга жолдомо алды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="252667,252668,252669,252670,252671,252672,252673"]
edita