SerepTV Logo

Дүйнө кубогу: Айсулуу Тыныбекова кытай спортчусун жеңип, америкалык балбандан утулуп калды

Дүйнө кубогу: Айсулуу Тыныбекова кытай спортчусун жеңип, америкалык балбандан утулуп калды
Айсулуу Тыныбекова АКШда өткөн эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогунда өз оюнун жыйынтыктады. Турнир 10-11-декабрь күндөрү Коралвилл шаарында өттү. Тыныбекова Дүйнөлүк команданын курамында күч сынашкан. Тайпалык баскычта Дүйнөлүк команда алгач Кытайдын командасын жеңди. Беттеш 5:5 эсеби менен аяктап, упайлар боюнча Дүйнөлүк команда жеңишке жетти. Кыргыз балбан кызы Луо Сяоцзюань менен беттешип, 4:0 эсебинде жеңишке жетти. Экинчи кармашта АКШнын командасы менен кез келип, 4:6 эсебинде утулуп калды. Тыныбекова Кайла Миракл менен беттешип, 3:9 эсебинде утулуп калды. Дүйнө курамасы өз тайпасында 3-орунду ээлеп, медалсыз калды.
edita