SerepTV Logo

Дүйнө чемпиондугунда Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыкты

Дүйнө чемпиондугунда Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыкты
Кыргызстандык спортчулар Жоламан Шаршенбеков менен Бексултан Махмудов Дүйнө чемпиондугунда беттештерин баштады. Шаршенбеков 1/8 финалда беларусиялык Максим Кожарскийди утуп алды, чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаришвилиден күчтүүлүгүн көрсөтүп, жарым финалга чыкты. Эми ал жарым финалдык беттеште азербайжандык Мурад Маммадов менен кез келет. Беттеш саат 20:45те башталат. Ал эми Бексултан Махмудов беттешти даниялык Маттиас Бак менен кез келүүдөн баштады. Бирок 1/8 финалда ал германиялык Петер Эллерден жеңилип калды. 
edita