SerepTV Logo

Дүйнө чемпиондугу. Мээрим Жуманазарова финалда

Дүйнө чемпиондугу. Мээрим Жуманазарова финалда
Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Норвегияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты. Эми ал алтын медаль үчүн күрөшөт. Спортчу беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштады. Анын алгачкы атаандашы кореялык спортчу болду. Аны жеңип чейрек финалга чыкты. Ал эми чейрек финалдык беттеште канадалык спортчу менен кез келип, аны 7:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн ал орусиялык балбан Ханум Велиева менен беттешип, аны да жеңип алды. Алтын медаль үчүн болгон беттеш эртең, 7-октябрда болот.
edita