SerepTV Logo

Дүйнө чемпиондугу. Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга ээ болду

Дүйнө чемпиондугу. Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга ээ болду
Норвегияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга ээ болду. Шаршенбеков беттештерин 1/8 финалдан баштады. Беларусиялык Максим Кожарскийди утуп, чейрек финалда грузиялык Ираклий Дзимистаришвилиден күчтүүлүгүн көрсөтүп, жарым финалга чыкты. Жарым финалда азербайжандык Мурад Мамедов менен беттешип, аны 4:2 эсебинде жеңди. Ал эми чечүүчү беттеште ал молдовалык Виктор Чобану менен кез келип, жеңилүү ызасын тартты.
edita