SerepTV Logo

Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн килемге Мээрим Жуманазарова менен Нурзат Нуртаева чыгат

Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн килемге Мээрим Жуманазарова менен Нурзат Нуртаева чыгат
Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун бешинчи күнү кыз-келиндер күрөшү менен уланат. Кыргызстандын атынан эки балбан кыз килемге чыгат. 68 килограмм салмак категориясында Мээрим Жуманазарова. 2021-жылкы дүйнө чемпиону жана Токио-2020 Олимп оюндарынын коло, Париж-2024 Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси биринчи айлампаны өткөрүп, 1/8 финалдык беттештен күрөшүп баштайт. 72 килограмм салмакта Нурзат Нуртаева 1/8 финалда Казакстандык спортчу, төрт жолку Азия чемпиону жана дүйнө чемпионаттарынын төрт жолку коло байге ээси Жамиля Бакбергенова менен таймашат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
edita