SerepTV Logo

Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт

Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов алтын үчүн күрөшөт
Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 77 килограмм салмакта күч сынашкан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов атаандашы кореялык Ким Хён Уну 4:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Махмудов алтын медаль, дүйнө чемпиондугу наамы үчүн 11-сентябрда венгриялык спортчу Золтан Леваи менен килемге чыгат. Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.
info