SerepTV Logo

Дмитрий Бивол эмгек сиңирген машыктыруучу Адылкан Бекболотовдун мүрзөсүнө барды

Дмитрий Бивол эмгек сиңирген машыктыруучу Адылкан Бекболотовдун мүрзөсүнө барды

WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол бокс боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Адылкан Бекболотовго куран окутту.

14-августта мушкер өз командасы менен Кыргызстандын курама командасынын мурдагы машыктыруучусу жерге берилген Күрмөнтү айылына барган. «Биволду Адылкан Бекболотовдун уулдары тосуп алышты. Биз машыктыруучунун мүрзөсүнө барып, куран окудук», - деп айтылат маалыматта.

Бивол командасы менен Тамга айылында машыгууда.

edita