Дарбазачы Эржан Токотаевдин күйөрманы көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду
Кечээ, 25-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Катардын футбол боюнча курамалары беттешип, оюн 3:1 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.
Оюндан кийин күйөрмандардын сүрөттөрү жарыялана баштады. "Эржан байке, мен сиздин күйөрманыңызмын. Мага футболкаңызды белекке бериңизчи" деген жазуу көтөргөн баланын сүрөтү көпчүлүктүн көңүлүн бурду.