SerepTV Logo

Кыргыз балбандарына дагы бир мүмкүнчүлүк! Украинада күрөш боюнча эл аралык мелдеш башталды

Кыргыз балбандарына дагы бир мүмкүнчүлүк! Украинада күрөш боюнча эл аралык мелдеш башталды
Бүгүн, 26-февралда Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандардын жана машыктыруучулардын элесине арналган эркин, аялдар жана грек-рим күрөшү боюнча XXIV Киев эл аралык мелдеш башталды. Бул мелдешке дүйнөнүн 35тен ашуун өлкөсүнөн балбандар катышууда. Кыргызстандын намысын төмөндөгү спортчулар коргомокчу. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курамы: 55 килограмм - Нурмухаммет Абдуллаев; 60 килограмм - Жоламан Шаршенбеков; 63 килограмм - Калы Сулайманов; 67 килограмм - Марлен Асикеев, Амантур Исмаилов; 77 килограмм - Акжол Махмудов, Кайратбек Түгөлбаев; 82 килограмм - Калидин Асыкеев; 87 килограмм - Азат Салидинов; 97 килограмм - Үзүр Жузупбеков; 130 килограмм - Роман Ким. Башкы машыктыруучу - Азат Эркимбаев. Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курамы: 57 килограмм - Улукбек Жолдошбеков, Мырзаназар уулу Бекболот, Алмаз Сманбеков; 61 килограмм - Икромжон Хаджимуродов; 65 килограмм - Алибек Осмонов,Эрназар Акматалиев, Токтогул уулу Айбек; 70 килограмм - Исламбек Орозбеков; 74 килограмм - Догдурбек уулу Эламан, Арсалан Будажапов; 79 килограмм - Нарбек Изабеков, Саякбай Юсупов; 86 килограмм - Нуртилек Карыпбаев, Мирлан Чыныбеков; 92 килограмм - Жамгырбек уулу Дөөлөтбек; 97 килограмм - Сымбат Сулайманов; 125 килограмм - Айаал Лазарев. Башкы машыктыруучу - Русланбек Маджинов. Аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын  курамы: 57 килограмм - Сезим Жуманазарова; 59 килограмм - Марсбек кызы Назира; 62 килограмм - Айсулуу Тыныбекова; 68 килограмм - Мээрим Жуманазарова; 76 килограмм - Медет кызы Айпери. Башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков.
Unknown Author