SerepTV Logo

Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттештери башталат

Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттештери башталат
УЕФА Чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын жооптук беттештери 10-мартка караган түнү башталат. Анда туриндик "Ювентус" клубу өз үйүндө португалиялык "Порту" клубун кабыл алат. Буга чейин биринчи оюнда "Порту" "Ювентусту" 2:1 эсебинде жеңип алган. Ал эми бул түндүн экинчи беттеши дортмунддук "Боруссия" менен "Севилья" клубунун ортосунда болот. Биринчи оюнда "Севилья" "Боруссияга" 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.
Unknown Author