SerepTV Logo

Чемпиондор лигасы: Ювентус чемпиондор лигасынан экинчи ирет кол жууду

Чемпиондор лигасы: Ювентус чемпиондор лигасынан экинчи ирет кол жууду
Бүгүн түнү чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын алгачкы оюндары болду. Анда туриндик "Ювентус" "Портуну" өз үйүндө кабыл алды. Оюн “Альянц Стадиум” стадионунда орун алды. Беттештин жыйынтыгында эсеп тең болсо дагы португалиялык клуб конокто көбүрөөк гол киргизгендиги үчүн чейрек финалга жолдомо алды. Оюндун жүрүшүндө эсепти Портунун жарым коргоочусу Сержиу Оливейра 18-мүнөттө он бир метрлик айып соккудан кийин эсепти ачты. Беттештин экинчи бөлүгүндө туриндик клубдун жарым коргоочусу Федерик Кьеза 49-мүнөттө эсепти теңеди. Андан көп өтпөй эле 62-мүнөттө Кьеза башы менен экинчи голун киргизип, Ювентус алдыга озуп чыкты. Жалпы эсеп 3:3 болуп калган соң, оюндун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн дагы 15 мүнөттөн бөлүк кошулуп берилди. Кошумча убакыттын 114-мүнөтүндө Сержиу Оливейра айып соккудан гол жаратып, португалиялыктарды кубандырды. Беттештин 118-мүнөтүндө Ювентустун жарым коргоочусу Адриан Рабьо бурчтан чыгарылган топту башы менен узаткан соккусу дарбаза торунан орун алды. Бул оюндун жыйынтыгында "Ювентус" 3:2 эсебинде жеңишке жетсе дагы, жалпы эсеп 4:4 болуп "Порту" чейрек финалга жолдомо алды.
Unknown Author