Чемпиондор лигасы: 20 жаштагы Эрлинг Холанн "Боруссияны" чейрек финалга алып чыкты
Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык оюндарынын экинчи беттеши дортмунддук "Боруссия" менен "Севилья" клубдарынын ортосунда болду. Оюн Дортмунд шаарындагы “Зигналь-Идуна-Парк” стадионунда өттү. Оюн тең чыгуу менен аяктап, бирок жалпы эсепте "Боруссия" жеңип, чейрек финалга чыкты.
Беттештин журүшүндө дортмунддук клубдун 20 жаштагы чабуулчусу Эрлинг Холанн 35- жана 54-мүнөттөрдө дубль жасап, "Боруссияны" алдыга сүрөдү. Ал эми Севилья клубунун чабуулчусу Юсееф Эн-Несери 68- жана 95-мүнөттө гол киргизип эсепти теңеди. Беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, бирок жалпы эсеп 5:4 болуп, "Боруссия" чейрек финалга чыкты.