"Челси" Чемпиондор лигасынын тарыхында экинчи жолу жеңишке жетти. Абрамовичтин реакциясы кандай болду?
"Челси" футболдук клубу Чемпиондор лигасынын 2020-2021-жылдардагы сезонунун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты. Кечээ, 29-майда Портуда өткөн турнирдин финалында "Челси" клубу "Манчестер Сити" командасын 1:0 эсеп менен утуп алды. Жалгыз голду 42-мүнөттө жарым коргоочу Кай Хавертц киргизди.
Ошентип, "Челси" өзүнүн тарыхында башкы европалык футболдук турнирди экинчи жолу утту. Буга чейин аталган клуб Чемпиондор лигасын 2012-жылы финалда "Бавария" командасын жеңип алуу менен биринчиликти багынткан эле. 2021-жылы сезондун жүрүшүндө "Челси" машыктыруучусун Фрэнк Лэмпарддан Томас Тухелге алмаштырган.
2003-жылдан бери "Челси" клубуна орусиялык ишкер Роман Абрамович ээлик кылат. Азыркы тапта аталган команда эң кирешелүү клубдардын ичинен 8-орунду алат.
[video width="1280" height="720" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/05/video_2021-05-30_12-03-53.mp4"][/video]