SerepTV Logo

Чабуулчу Карим Бензема "Алтын топту" алды

Чабуулчу Карим Бензема "Алтын топту" алды

Франциялык чабуулчу Карим Бензема 2022-жылкы "Алтын топту" жеңип алды. Сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 17-октябрда Парижде өттү.

34 жаштагы футболчу өткөн сезондо "Реал Мадрид" менен Ла Лиганы жана Чемпиондор Лигасын жеңип, эки мелдеште тең мыкты бомбардир болгон. Мадриддик клубдун курамында футболчу 2007-жылдан бери ойноп келет. Жалпысынан ал команда үчүн 421 беттеш өткөрүп, 223 гол киргизген.

Былтыр ПСЖ жана Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Месси 7-жолу "Алтын топту" алган.

edita