CAVA Улуттук лигасы: Кыргызстан курама командасы 2-орунду ээледи
Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча улуттук курама командасы волейбол боюнча эркектер арасында CAVA Улуттук лигасында 2-орунду ээледи. Мелдеш 18-25-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өттү.
Мелдешке жалпы 6 мамлекеттин (Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнистан, Иран, Монголия жана Непал) курама командалары катышты. Курама командалар өз ара айлампада ойношту. Жыйынтыгында Иран курама командасы 16 упай менен 1-орунду ээледи. Улуттук курама команда 15 упай менен 2-орунду, ал эми Монголиянын курама командасы 11 упай менен 3-орунду ээледи.
Мындан сырткары спортчуларга атайын наамдар ыйгарылды:
- “Мыкты тосмочу” наамы Роман Шилов (Кыргызстан);
- “Мыкты тосмочу” наамы Азизбек Кучкоров (Өзбекстан);
- “Мыкты коргоочу” наамы Кутман Абсатаров (Кыргызстан);
- “Мыкты каршы чабуулчу” наамы Мехдаин Аболфазл (Иран);
- “Эң баалуу оюнчу” наамы Мехдаин Аболфазл (Иран);
- “Эн мыкты оюнчу” наамы Хоссейинитолоути Сейедматин (Иран);
- “Эң мыкты оюнчу” наамы Гантулга Ценд-Аюш (Монголия).
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="187288,187284,187283,187287,187282,187285,187286,187289"]