SerepTV Logo

Бүгүн Париждеги Олимп оюндарында Кыргызстандын атынан 3 спортчу чыгат

Бүгүн Париждеги Олимп оюндарында Кыргызстандын атынан 3 спортчу чыгат
Бүгүн, 8-августта Париждеги Олимп оюндарында Кыргызстандын атынан 3 спортчу чыгат.
Амантур Исмаилов 67 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшү боюнча көңүл жубатуучу беттешинин (биринчи раунд) өткөрөт.
Бекзат Алмаз уулу эркин күрөш боюнча 57 килограммга чейинки салмак ченинде биринчи кармашка чыгат.
9-августка караган түнү бокс боюнча мелдештер башталат. Анда ата мекендик мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыгуу үчүн беттеш өткөрөт.
8-августка жүгүртмө
15:00 грек-рим күрөшү
Амантур Исмаилов - Мате Немеш (Сербия)
15:30 эркин күрөш
57 килограммга чейин, 1/8 финал
Бекзат Алмаз уулу - Мейрамбек Картбай (Казакстан)
01:30 бокс
57 килограммга чейин, жарым финал
Мунарбек Сейитбек уулу - Хавьер Ибаньес Диаз (Болгария)
info