SerepTV Logo

Бүгүн Кыргыз футбол союзунун президентин шайлоо өтөт

Бүгүн Кыргыз футбол союзунун президентин шайлоо өтөт
Бүгүн, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президентин шайлоо өтөт. Ага жалгыз талапкер катары Камчыбек Ташиев сунушталган. Ошондой эле аткаруу комитетинин мүчөлөрү да шайланат. Жыйында күн тартиби окулуп, күн тартип добуш берүү менен өттү. Буга чейин Кыргыз футбол союзунун жетекчилери кызматтан кетишкен. 29-январда жыйын өтүп, Азия Кубогунун жыйынтыгы боюнча маалымат угулган. Алгач союздун президенти Медербек Сыдыков улуттук команданын көрсөткөн жыйынтыгына байланыштуу жумушун тапшырууну чечкенин билдирген. Анын артынан аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү “өз жоопкерчилигин сезип” мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушкан.  https://youtu.be/WaFPoHzWb9A
edita