Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугу жыйынтыкталат
Бүгүн, 16-апрелде спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталат.
Анын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль топтому ойнотулуп, өлкө намысын 5 балбан коргойт:
- 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалдык баскычтан баштайт;
- 67 килограммга чейинки салмакта Раззак Бейшекеев 1/8 финалдан баштайт;
- 72 килограммга чейинки салмакта Адылхан Нурланбеков 1/8 финалдан баштайт;
- 82 килограммга чейинки салмакта Бекзат Орункул уулу 1/4 финалдан баштайт;
- 97 килограммга чейинки салмакта Бексултан Махмудов 1/4 финалдан баштайт.