Бүгүн Бишкекте дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты башталат
Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында дзюдо боюнча мырзалар жана кыз-келиндер арасындагы Азия жана Океания чемпионаты башталат.
Бүгүн 5 комплект медаль ойнотулат. Татамиге Кыргызстандын атынан 9 спортчу чыгат. Чемпионат саат 10:00дө башталат, ал эми салтанаттуу ачылыш аземи саат 16:00дө өтөт.
6-апрелдеги программа:
- 60, 66 килограмм салмакка чейинки мырзалар күч сынашат;
- 48, 52, 57 килограмм салмакка чейинки кыз-келиндер беттешет.
Финалдык беттештер саат 17:00дө өтөт.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="34343,34344,34345,34346,34347"]