Бүгүн Алматыда Акжол Махмудов менен Роман Власов беттешет
Алматыда бүгүн, 26-апрелде Күрөш боюнча Поддубный лигасынын кезектеги турнири өтөт. Турнирдин алкагында 19 беттеш пландалган.
Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Бул турнирдин негизги беттешинде Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын финалисти, дүйнө чемпиону жана Азиянын беш жолку чемпиону кыргызстандык Акжол Махмудов менен Олимпиаданын 2 жолку чемпиону, дүйнөнүн 3 жолку жана Европанын 4 жолку чемпиону Роман Власов беттешет.