"Аэропорт иштебейт, көчөлөр ээн, талаптар катуу". Кыргыз лыжачы Пекинге кандай жеткенин айтты
Кыргызстандын спорттук делегациясы бүгүн, 4-февралда Кышкы Олимпиада оюндарынын расмий аземи өтө турган Пекин шаарына ийгиликтүү жетти.
Олимпиадада Кыргызстандын намысын лыжачы Максим Гордеев коргойт. Делегация 2-февралда Кытайга учуп кетишкен. Алар кечээ, 3-февралда аэропортко конушту. Максим Гордеев өзүнүн Instagram баракчасында Пекинге кандай жеткени тууралуу жазып чыкты. "Бул жерде чектөөлөрдү эч ким жокко чыгарган эмес. Аэропорт иштебейт, көчөдө адамдар дээрлик жок. Талаптар катуу", - деп жазды ал.
