SerepTV Logo

Бокс боюнча курама Испаниядагы мелдешке катышат

Бокс боюнча курама Испаниядагы мелдешке катышат
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ланусия шаарында (Испания) өтө турган “Boxam” эл аралык мелдешине катышат. Мелдеш 29-январда башталып, 4-февраль күнү жыйынтыкталат. Курама команданын тизмеси:
  1. 51 килограмм Нуржигит Дүйшебаев;
  2. 57 килограмм Санжар Сейдакматов, Мунарбек Сейитбек уулу;
  3. 63.3 килограмм Мирзахид Имамназаров, Алмаз Орозбеков;
  4. 71 килограмм Нурадин Рустамбек уулу, Сыргак Абдыжапар уулу;
  5. 80 килограмм Сагын Сатыбалды уулу, Эркин Адылбек уулу;
  6. 86 килограмм Өмүрбек Бекжигит уулу;
  7. +92 килограмм Бакыт Токтосун уулу;
Курама команда улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
edita