SerepTV Logo

"Бизде чоң пландар бар". Футбол боюнча кураманын башкы машыктыруучусу менен келишим түзүлдү

"Бизде чоң пландар бар". Футбол боюнча кураманын башкы машыктыруучусу менен келишим түзүлдү

Бүгүн, 2-май күнү Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде КФС менен Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович ортосунда келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка караганда, келишимдин мөөнөтү 2024-жылдын 30-июнуна чейин. «Мага болгон ишеним үчүн Кыргыз футболдук союзунун президентине ыраазычылык билдирем. Бизде чоң пландар бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз», - деди словакиялык адис.
edita