SerepTV Logo

Белбоо күрөшү боюнча курама эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль жеңди

Белбоо күрөшү боюнча курама эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Казань шаарында (Орусия) өткөн эл аралык мелдеште 8 күмүш медаль жеңишти. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: - 57 килограмм салмакта Нурданбек Курманбек уулу; - 62 килограмм салмакта Толубай Шүкүров; - 68 килограмм салмакта Калысбек Каюмов; - 75 килограмм салмакта Молдобек Муратбек уулу; - 82 килограмм салмакта Мыктыбек Өмүрзак уулу; - 90 килограмм салмакта Болотбек Туратов; - 100 килограмм салмакта Сыймык Чубак уулу; - 100 килограммдан ашык салмакта Тилек Куралов. Мелдеш 2-5-ноябрь күндөрү өтүп, ага 12 мамлекеттен спортчулар катышты. Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээледи. Курам Жеңишбек Токтоназаровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

edita