Кыргызстандын футболчусу түркиялык клуб менен келишим түздү
Кыргыз курама командасынын оюнчусу Бекназар Алмазбеков түркиялык "Галатасарай" менен 3 жылдык келишим түздү. Бул тууралуу 18-сентябрда "Галатасарай" футбол клубунан билдиришти.
Бекназар Алмазбеков ушул жылдын февраль айынан баштап "Галатасарай" клубунун негизги курамында машыга баштаган. "Галатасарай" жаштар курама командасында 22 матчка чыгып, 16 гол киргизген.
2019-жылдан бери клубдун жаштар командасында ойноп жүргөн. 18 жаштагы жаш футболчу түрк медиасынын мактоосуна арзып, социалдык тармакта клубдун жетекчиси Фатих Теримдин "ханзадасы" деп атыккан.
[gallery link="file" columns="1" size="full" ids="202650,202651"]