SerepTV Logo

Баяман Эркинбаевдин элесине арналган белбоо күрөшү боюнча мелдеш өттү

Баяман Эркинбаевдин элесине арналган белбоо күрөшү боюнча мелдеш өттү
14-апрель күнү Бишкекте "Алыш" белбоо күрөшү боюнча Баяман Эркинбаевдин элесине арналган гран-при эл аралык мелдеши өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Индиядан келген жалпы 72 спортчу катышты. Мелдеште Кыргызстандын курама командасы жалпы 28 медаль (10 алтын, 11 күмүш, 7 коло) жеңди. Байге фонду 540 миң сомду түздү.
info