"Барселона" футболдук клубунун машыктыруучусу Кыргызстанга келди
Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун машыктыруучусу Ориол Фонт Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Футбол академиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал каталониялык команданын Жалал-Абаддагы академиясынын техникалык директору болуп дайындалган. Фонт балдарга башкы машыктыруучунун милдетин да аткарат. Анын милдети - Барселона стандарттарына ылайык, билим берүү жана окутуу процессин уюштуруу. Ал академиянын футбол аспектилерин көзөмөлдөйт жана баары клубдун көз карашына ылайык, үзгүлтүксүз иштешин камсыздайт.