SerepTV Logo

⚽ Баракелде! Кыргызстандын курамасы Бангладешти 4:1 эсебинде жеңди

⚽ Баракелде! Кыргызстандын курамасы Бангладешти 4:1 эсебинде жеңди
Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын курама командасы менен Бангладеш курамасы кез келди. Оюн Кыргызстандын жеңиши - 4:1 эсеп саны менен жыйынтыкталды. Ал эми эсеп сандары боюнча, алгачкы голду оюндун 10-мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Элдар Молдожунусов ачты. Ал эми экинчи топ дарбазага 38-мүнөттө Алимардон Шүкүров тарабынан киргизилип, оюндун биринчи бөлүгү Кыргызстандын жеңиши менен аяктады. Оюндун экинчи бөлүгүндө же оюндун 46-мүнөтүндө Кыргызстандын эсеп санын 3:0гө Тургуналы Рустамов өзгөрттү. Бирок 53-мүнөттө Бангладеш курамасынын оюнчусу, Кыргызстандын дарбазасына 1 гол киргизип, эсеп санды 3:1 кылды. Оюндун бүтөрүнө аз убакыт калганда, дегенибиз, 88-мүнөттө атаандаштын дарбазасына дагы бир гол Бахтияр Дүйшөбеков тарабынан киргизилип, оюн 4:1 эсебинде - Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.
edita