SerepTV Logo

Баракелде! Алибек Осмонов Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду

Баракелде! Алибек Осмонов Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду
Кыргызстандык Алибек Осмонов Норвегияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Ал беттештерин кечээ, 3-октябрда 65 килограммга чейинки салмакта баштаган. Осмонов 1/16 финалдык баскычтан баштап, Франция, Бразилия, Украинанын спортчуларын үч ирет катары менен утуп, жарым финалга чыккан. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык ирандык спортчуга утулуп калган. 4-октябрда Осмонов польшалык спортчу менен коло медаль үчүн болгон беттеште кармашты. Кыргызстандык 4:1 эсебинде жеңип, коло медалга ээ болду. Бул медаль турнирде Кыргызстан үчүн биринчи болду. https://www.youtube.com/watch?v=0TsysLhmheQ
edita