SerepTV Logo

Бали! Кыргызстандын курамасы Оманды 1:0 эсебинде жеңди

Бали! Кыргызстандын курамасы Оманды 1:0 эсебинде жеңди
Бүгүн, 21-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Омандын курамаларынын футболдук беттеши өттү. 1-таймда эки курама тең эсеп санын ача алышкан жок. Ал эми 2-таймдын 49-мүнөтүндө Одилжон Абдурахманов эсеп санын ачып, “Ак шумкарларды” алдыга сууруп чыкты. Оюн 1:0 эсебинде Кыргызстандын курамасынын жеңиши менен аяктады. Бүгүнкү беттешке өлкө башчысы Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев келди.