Бали! Бекзат Алмаз уулу Олимпиададагы алгачкы атаандашын жеңди
Бекзат Алмаз уулу эркин күрөш боюнча 57 килограммга чейинки салмак ченинде алгачкы беттешке чыкты. Анын атаандашы казакстандык Мейрамбек Картбай болду.
Беттеш 4:1 эсебинде Алмаз уулунун пайдасына аяктап, чейрек финалга чыкты. Анын кийинки атаандашы Спенсер Ричард Ли (АКШ) - Ванхао Жу (Кытай) жубунун жеңүүчүсү болмокчу.