SerepTV Logo

Балбандар рейтингдик мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

Балбандар рейтингдик мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Венгрияда өтүп жаткан “Polyák Imre & Varga János Memorial” атындагы рейтингдик турнирде байгелүү орундарга ээ болушту.
61 килограммга чейинки салмак чен бирдигинде Тайырбек Жумашбек уулу күмүш байге утса, 57 килограммга чейинки салмакта Алмаз Сманбеков жана 70 килограммга чейинки салмакта Алибек Осмонов коло медаль жеңишти.
info